Анын айтымында, теракт уюштурууга шектелген алты киши кармалган. Алардын бири өзүн өзү жардырып жиберген. Окуя 26-июнь күнү Караганда шаарындагы атайын операция учурунда болгон.
Кармалган жарандар салафий тобун кубаттаган жергиликтүү тургундар болгон. Алар облус аймагында теракт уюштурууну көздөгөн деп шектелүүдө.
Быйыл 5-июнда Актөбө шаарында радикал исламчылар делгендер беш тургунду жана коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлүн мерт кылышкан эле.