Ссылки доступа

Орусия өлкөнүн батышына 10 миң аскер жөнөтөт


Орусия 10 миң аскер кызматкерин өлкөнүн батышына жөнөтөт. Мындай чечим чек арадагы аскердик жана саясий туруксуздуктан улам кабыл алынганын коргоо министри Сергей Шайгу билдирди.

Ал белгилегендей, АКШ жана НАТО мүчөлөрү Орусия менен чектешкен өлкөлөрдө аскердик күч-кубатын бекемдөөдө.

НАТОнун Эстония, Латвия, Литва, Польшада кошумча батальондорду кеңейтүү планы Орусияны кыйла бейпайга салды. Кремль альянстын бул ниетин жана Чыгыш Европадагы ракеталык коргонуу системасын түзүүнү өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратууда деп атады.

Шайгу мындан тышкары кызматта олуттуу кемчиликтерге жол берилгендиги үчүн Балтия флотунун башкы командачысы, вице-адмирал Виктор Кравчукту жана штабдын башчысы Сергей Поповду иштен бошотконун жарыялады.

XS
SM
MD
LG