Ссылки доступа

Өзбек окумуштуулары ракка каршы дары тапкандыгын жарыялашты


Өзбекстан келерки жылдан тарта рак оорусунун бардык түрүн дарылай турган жаңы препарат чыгарып баштайт. Бул тууралуу Podrobno.uz сайты «Rigard Farmsintez» өзбек-латын биргелешкен ишканасынын директору Рустам Нуриддиновго шилтеме берип билдирди.

« Биз дүйнөдө жок ыкма менен дарыны жасоону ойлоп таптык. Ал рак клеткаларына керектүү заттарды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн 3-5% дан 95% чейин көбөйтөт. Демек, бул илдеттин көйгөйү чечилди»,- деди Нуриддинов

Анын айтымында, бул дарыны колдонуу менен химеотерапиядан өтүү зарылдыгы жоюлат. "Оорулуу капсула түрүндөгү дары ичип, рак оорусун сасык тумоо сыяктуу дарылайт. Дарылоо мөөнөтү клиникалык сыноолордон кийин билинет",-деп кошумчалады ал.

Канада, Латвия жана Өзбекстандын окумуштуулар тобу препараттын үстүнөн бир нече жылдар бою иштешкен. Дарылар эл аралык патентке ээ. Препарат алдын ала сыноодон ийгиликтүү өткөндүгү айтылууда.

XS
SM
MD
LG