Ссылки доступа

Евробиримдик лидерлери шаркетти реформалоо планын иштеп чыгышат


Брюсселде өткөн жолугушууда ЕБ лидерлери алдыдагы тогуз айдын ичинде уюмду реформалоо тууралуу сунуштарды иштеп чыкмай болушту. Бейрасмий саммиттин катышуучулары Британия шаркеттен чыкса, анын кесепеттерин өөрчүтүп жибербөө максатында биримдикке өзгөртүү киргизүү чечимин кабыл алышты.

Еврокеңештин башчысы Дональд Туск Евробиримдикке болгон ишенимдин азайышын жана улутчул маанайдын артышын качкындардын Европага массалык түрдө келиши менен байланыштырды. Ал ошондой эле ЕБ менен Британиянын мындан аркы келечеги тууралуу алдын ала сүйлөшүүлөр болбой тургандыгын баса белгиледи.

Германия канцлери Ангела Меркель радикалдуу реформаларга баруу мүмкүн эмес деген пикирде. Анын атымында, салык жана саясий маселелерде өзгөртүүлөрдү жасоо үчүн Лиссабон келишимин өзгөртүп, референдум өткөрүүгө туура келет.

Буга чейин Еврокомиссиянын жетекчиси Жан-Клод Юнкер Британия шаркеттен чыгуу боюнча расмий түрдө билдирүү бермейинче, сүйлөшүүлөргө жол берилбей тургандыгын айткан.

XS
SM
MD
LG