Ссылки доступа

Борис Немцовдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү


Орусиялык оппозициячыл активист Борис Немцовдун өлүмү боюнча кылмыш ишин Москванын аскердик соту карайт. Бул туурасында аталган мекеменин өкүлү Александр Куреной билдирди.

Анын айтымында, бул кылмышка тиешеси бар делген адамдарга башкы прокурордун орун басары Виктор Гринь айыптоочу бүтүм чыгарды. Тизмеде Заур Дадаев, Шадида жана Анзор Губашевдер, Темирлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев бар.

Бул тизменин ичинен бешөө уюшкан кылмыштуу топ катары адам өлтүрүү боюнча айыпталууда. Мындан сырткары аларга мыйзамсыз ок атуучу курал-жарак алып жүрүү, сактоо жана сатып алуу боюнча да кине коюлган.

Тергөө комитетинин төрагасы Владимир Маркин шаршембиде билдиргендей, айыпталуучулардын күнөөсүн моюнга коюу үчүн тергөө жетишээрлик далилдерди топтогон.

Борис Немцов өткөн жылы 27-фералда кечинде Кремлдин алдында өлтүрүлгөн.

Ноябрь айында кылмыш ишинин алкагында Чеченстандын Ички иштер министрлигинин “Түндүк” батальонунун мурдакы офицери Руслан Мухудиновду сырттан камакка алуу чечими чыккан. Немцовдун үй-бүлөсүнүн жактоочулары батальондун дагы башка жоокери Руслан Геремеев дагы кылмышка катышы бар деген пикирде. Тергөөчүлөр ага карата эки ирет сырттан айып тагууга аракет кылышкан, бирок Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин токтомду бекиткен эмес.

XS
SM
MD
LG