Ссылки доступа

АКШда трансгендерлер армияда ачык кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк алды


АКШда трансгендер адамдардын армияда кызмат өтөөсүнө киргизилген тыюу жоюлду. Коргоо министри Эштон Картер билдиргендей, эми алар корунбай, ачык түрдө аскерде кызмат кылууга укук алышты.

Картердин маалыматы боюнча азыркы тапта Америка армиясында 300 миң адам бар, эки жарым миң трансгендер кызмат өтөйт.

Жаңы системага толугу менен өтүү, анын ичинен медициналык жардам көрсөтүүнүн стандарттарын иштеп чыгуу этап менен жыл ичинде жүзөгө ашат.

XS
SM
MD
LG