Ссылки доступа

АКШ Орусияга Сирия боюнча кызматташуунун жаңы планын сунуштады


АКШ сирия жаңжалын чечүү үчүн жаңы биргелешкен ыкма сунуштады. Маалыматка ылайык, бул Орусия менен кызматташтыкты арттырат.

Washington Post гезити билдиргендей, сунуш Москвага жөнөтүлдү. Кошмо Штаттар Орусияны “Аль-Каида” менен байланышы бар “Жабхат аль-Нусра” тобуна каршы операциялар боюнча маалымат алышып-беришүүгө чакырган. Президент Барак Обама админстрациясынын мындай күтүүсүз демилгеси Кремлге кандай таасир калтырганы азырынча белгисиз.

Орусиялык жана америкалык аскерлер учурда Сирияда параллелдүү операцияларды өткөрүүдө. Вашингтон Москваны Сирия президенти Башар Асадга көмөк көрсөтүү үчүн аймактагы байыстуу көтөрүлүшчүлөрдү бомбалоодо деп айтыптоодо. Бир нече жума мунун орусиялык истребителдер АКШ колдогон сириялык оппозицияга каршы чабуул жасаган.

XS
SM
MD
LG