Ссылки доступа

Өзбекстанда "Ахмадбайдын" айыбын ачкан экинчи тасма чыкты


Бир катары өзбек телеканалдары 30-июнда каржы пирамидасынын негиздөөчүсү, калк арасында “Ахмадбай” деген ысым менен белгилүү ишкердин айыбын ачкан экинчи даректүү тасманы көрсөтүштү.

Тасмада “Ахмадбай” кайрадан эле алдамчы катары сыпатталган. Доочулардын катарында жөнөкөй жарандар эле эмес, белгилүү ырчылар, куудулдар, аким жана тартип сакчыларынын жетекчилери бар.

Фильмде Ахмад Турсунбаев алдамчылыгын моюнуна алып, кардарларынан кечирим сураган. Мындан тышкары ишкер “каржы пирамидасы банкротко учураганын, тунгуюкка кептелгенин” билдирди.

Маалымдалгандай, акимдер, милиция жетекчилери жана башка белдүү аткаминерлер байбачага акчаларын жогорку үстөк менен беришкен.

Ахмад Турсунбаев жөнүндөгү алгачкы даректүү тасма 16-июнда ал кармалгандан кийин жарыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG