Ссылки доступа

Телефон террорчулугуна айыпталган мугалим ишинде экспертиза дайындалды


Карагандада террорчулук боюнча жалган маалымат берген мектеп мугалими Юрий Пакка карата соттук териштирүү токтотулду. Буга маанилүү экспертизаларды өткөрүү зарылдыгы себеп болду. Теракт даярдоо жөнүндө жалган маалымат берген окутуучуга өкүм чыгарууда изилдөөнүн жыйынтыгы чечүүчү ролду ойнойт.

Сот Алия Жошеванын айтымында, туура бүтүм кабыл алуу үчүн ишти акыйкат жана ар тараптуу иликтөө зарыл. Бул соттук-фонографиялык жана компьютердик-технологиялык экспертизаны жүргүзүүгө мугалим жана анын жактоочулары жетишкен.

Террорчулук боюнча жалган маалымат берген физика мугалиминин аракети коомдо резонанс жараткан. Бир жылдан ашык убакыттан бери Юрий Пак күнөөлүү эместигин, полицияга чалбаганын далилдөөгө аракеттенип келет. Тергөө версиясы боюнча 2015-жылы Юрий Пак полицияга телефон чалып, соода борборуна бомба коюуга ниеттенгенин билдирген. Айыпталуучу бардык күнөөлөрдү четке кагып, анын телефонун кимдир бирөө бузуп, аралыктан чалышы мүмкүн экендигин айтат.

Караганда облусунун ички иштер жана өзгөчө кырдаалдар департаменттери, тез жардам станциялары материалдык чыгымды кайтаруу максатында андан 55 миң теңге талап кылган. Соода борборунун админстрациясы арыз менен кайрылган эмес.

XS
SM
MD
LG