Ссылки доступа

Тажикстанда аткаминерлер берген битир-садакалары боюнча отчет тапшырат


Тажикстанда аткаминерлер жана ишкерлер Рамазан майрамын утурлай, берген битир-садакалары боюнча отчет тапшырып турууга милдеттендирилди.

Тажик президентинин администрациясы жарыялаган тапшырмага ылайык, чиновниктер, имам-хатибдер жана ишкерлер берген зекетти көзөмөлдөө милдети Дин, үрп-адат жана салттарды жөнгө салуу комитетине жүктөлдү.

Президенттин администрация жетекчиси жана президенттин кызы Озода Рахмондун колу коюлган мындай тапшырма 29-июнда облус, шаар жана райондордун башчыларына, ошондой эле, мечиттердин имамдарына жана ишкерлерге жөнөтүлгөн. Буга ылайык, аткаминерлер, имамдар жана ишкерлер президенттин администрациясына үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин жана майрамда берген садаканын суммасын жазып өткөрүшү керек.

Рамазан майрамы Тажикстанда 6-июлда белгиленет. Мамлекеттик кызматкерлердин саны өлкөдө 18 миңдин тегереги болсо, имам-хатибдердин саны 4 миңден ашуун.

XS
SM
MD
LG