Ссылки доступа

Назарбаев: экономика сырттан күчтүү басымга кабылууда


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанада өлкө экономикасы сырттан күчтүү басымга кабылып жатканын билдирди. Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген Казакстан былтыркы жылдан тарта Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) дагы мүчө.

“Интерфакс-Казакстан” маалымат агенттиги кабарлагандай, Назарбаев бул тууралуу мамлекеттик индустриалдаштыруу программасынын биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыктары боюнча өткөн жыйында билдирди.

Назарбаевдин пикиринде, өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүк “масштабдуу мамлекеттик салымдардын жана инвестициялардын” эсебинен жүрүп жатат. Анын айтымында, экономика туш болгон “жаңы чакырыктарга” байланыштуу индустриалдаштыруу программасын кайра карап чыгууга туура келет.

“Бүгүн экономикабыздын өсүшүн камсыздаган жаңы булактарга көнүл буруу маанилүү. Буга байланыштуу, азык-түлүк, металлургия, машина куруу, агро жана мунай химиясын өндүрүү сыяктуу экспортко багытталган тармактарга маани берүү керек", -деди президент. Назарбаев чийки сырьену эле тышка ташый бербей, кайра иштетүүнү колго алуу зарылдыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG