Ссылки доступа

Кёльндогу гей-парадга бир миллиондой киши катышты


Жекшембиде, 3-июлда, Кёльндо өткөн Christopher Street Day (CSD) деп аталган кумсалардын Европадагы эң ири жүрүшүнө 950 миң киши катышты.

Жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Нильс Шмидт билдиргендей, катышуучулардын ого эле көп келиши скептиктердин божомолдорун жокко чыгарып койду. Алар 12-июнда болгон Орландодогу Pulse гей-клубуна кол салуудан кийин акцияга катышууну каалагандардын саны азая түшөт деп айтып жатышкан.

Орландодогу терактта курман болгон 49 адамдын элесине арнап демонстранттар желектерин түшүрүп, аза күтүштү. Андан соң жалпы дүйнө жүзүндө сексуалдык азчылыктарды коом кабыл алсын деп чакырышты.

Жүрүштүн катышуучулары өз өлкөсүндө укуктары сакталбай, басмырланган сексуалдык азчылыктарды колдой турганын билдиришти.

Кёльндогу кумсалардын жүрүшү быйыл 25-жолу өттү. Алгачкы ирет ал 1991-жылы уюштурулган.

XS
SM
MD
LG