Ссылки доступа

Орусияда Улуттук гвардия түзүлдү


Орусия президенти Владимир Путин Улуттук гвардияны түзүү боюнча мыйзамга кол койду.

Ал Орусия ИИМинин мурагы ички аскерлеринин ордун басат. Жаңы түзүмдүн максаты өзгөчө кырдаалдар учурунда коопсуздукту камсыздоо, террорчулук менен күрөшүү, мамлекеттик объектилерди жана чек араны коргоо болуп саналат.

Сынчылар жаңы тузүм президенттик жана парламенттик шайлоо алдында бөтөнчө ой жүгүрткөндөрдү басымга алуу максатында түзүлгөнүн белгилешүүдө. Себеби Улуттук гвардия куралдуу кол салуу жана террордук коркунуч жаралган учурда козголоңду басуу укугуна ээ.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Улуттук гвардия массалык демонстрацияларда кылмышка жол бербөө максатында күч колдоно алат. Күч органы тинтүүлөрдү жүргүзүп, шектүүлөрдү кармоого дагы укугу бар. Бул арада Улуттук гвардия жайгашкан жер тууралуу маалымат жарыялоого жол берилбейт.

XS
SM
MD
LG