«Интерфакска» облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 16-29 курактагы тогуз киши камалды. Аларга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
5-июнда Актөбө калаасында белгисиз адамдардын тобу эки курал саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө куралчан кол салган. Бийлик аларды «салттуу эмес диний агымдардын» тарапташтары деп эсептеп, окуяны теракт катары баалаган. Чабуул жети адамдын өмүрүн алып кеткен. Шаарда контртеррористтик операция башталып, Казакстандын Ички иштер департаменти билдиргендей, кылмышка шектүү 18 адам өлтүрүлгөн. Дагы тогуз киши кармалган.
Кол салуу боюнча бир дагы экстремисттик топ жоопкерчиликти өзүнө алган жок.