Ссылки доступа

Кызыл-Ордодо миңдеген жаранга жер тилкеси бөлүнүп берилди


Кызыл-Ордо облусунун акимчилиги жеке турак-жай куруу үчүн алты жарым миң адамга жер тилкеси берилгенин жарыялады.

Акимчиликтин маалыматы боюнча жалпысынан Кызыл-Ордо-Жезказган трассасынын боюнан 980 гектар жер там салуу үчүн кесилди. Жергиликтүү бийлик бул чөлкөмдө Байтерек аталышындагы жаңы кичирайон курууну максаттоодо.

Жаңы кичирайондо жакынкы аралыкта 75 чакырым узундуктагы жол салуу, коммуналдык түйүндөрдү куруу мерчемделүүдө. Бул үчүн бюджеттен 10 миллиард тенге бөлүндү.

Акыркы жолу Кызыл-Ордо облусунда жер тилкелери 2004-жылы берилген. Акимчиликтин эсебинде, жеке там куруу үчүн кезекте 42 миңге чукул жаран турат.

XS
SM
MD
LG