Ссылки доступа

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард долларга чукулдады


Июндун башына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 945 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мамлекеттик карыздын эң чоң бөлүгүн –  3 миллиард 698,2 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карыз түзөт.

Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорттук банкына 1 миллиард 394,7 миллион доллар бересе. Ал өлкөдөгү ири инфраструктуралык долбоорлорго насыя бөлүп келет. Андан кийин Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Азия өнүктүрүү банкы турат.

Орусия, Эл аралык кызматташтык боюнча жапон агенттиги (JICA), Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга ири өлчөмдө насыя беришкен.

Ички карыз 246,6 миллион долларды түзөт. Анын эң чоң бөлүгү – 170,3 миллион доллар – өкмөттүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери болуп саналат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү өлкөнүн ички дүң өнүмүнө (ИДӨ) карата 60%га жетип калды. Мыйзам бул чектен ашууга жол бербейт. Бирок өкмөт сырттан каражат тартууну улантуу үчүн парламентке бул бөгөттөн ашууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштады.

XS
SM
MD
LG