Ссылки доступа

Орус делегациясы ЕККУ парламенттер ассамблеясынын сессиясынан чыгып кетти


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын сессиясына катышып жаткан Орусия делегациясы Крым, Абхазия жана Түштүк Осетия боюнча резолюцияларды талкуулоодон баш тартты. Бул тууралуу “Свобода” радиосунун кабарчысы Георгий Кобаладзе кабарлады.

Тбилисидеги Орусия делегациясы башка катышуучуларды Крым боюнча резолюцияны кабыл алуудан баш тартууга көндүрө албай койгондон кийин отурумдан чыгып кетишти. Документти ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын мааракелик 25-сессиясына карата Украинанын өкүлдөрү даярдашкан. Отурум Грузиянын борборунда өтүүдө.

Орус депутаттарынын каршылыгына карабай, документтин долбоору Ассамблеянын пленардык отурумунун кароосуна чыгарылды. Добуш берүү дүйшөмбүдө өтөт. Резолюциянын долбоорунда Крымда адам укуктары, анын ичинде крым-татар элинин укуктары сакталбай, дайыма бузулуп жаткандыгы айтылат. Орусиялык делегациянын жетекчиси, Мамлекеттик думанын депутаты Николай Ковалев документтин долбоору жараксыз экенин билдирди. Ковалевдун пикиринде, Абхазия менен Түштүк Осетия боюнча экинчи долбоор “антиорусиялык жана саясатташкан”. Ошондуктан орус депутаттары бул документти талкуулоого да катышпайт.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы – уюмга кирген Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 өлкөсүн бириктирген парламент аралык уюм.

XS
SM
MD
LG