Окуя болгон жердеги видеотасмаларда күйүп жаткан автоунааны көрүүгө болот. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча түшө элек.
Буга чейин Сауд Арабиясынын чыгышындагы Катиф шаарында эки жардыруу болду. Дагы бир бомба чоңдугу боюнча экинчи калаа Жеддада, АКШ консулдугунун жанында жарылды. Көбүнесе шииттер жашаган Катифте чабуулдардын бирин жанкечти жасаганы, экинчисинде бомба коюлган унаа колдонулганы айтылууда. Жеддада коопсуздук кызматынын кызматкерлери жакындайын дегенде террорист өзүн унаа токтотуучу жайда жардырып салды. Кызматкерлердин экөө жеңил жаракат алды.