Ссылки доступа

Арстан менен аюунун өлүмү Дүйшөмбү зоопаркында чыр жаратты (видео)


12-13-июнда Дүйшөмбү шаарындагы зоопаркта жети жашар арстан менен беш жаштагы аюу удаа жан берди.

Зоопарктын директорунун орун басары Саидходжа Сафаров билдиргендей, кызматкер Саиджамол Орзуевдин кош көңүлдүгүнөн улам арстан менен аюу башка жаныбарлар менен алыша кетип, алган жаракаттарынан мерт кетишкен. Кызматкер окуядан кийин жумушунан алынган.

“Орзуев ордунда болгондо жаныбарларды башка жерге которуп же кармашып жаткан айбандарды суу чачып ажыратып коймок. Ал буга чейин дагы кайдыгерлиги үчүн сөгүш алган. Ага карабастан, кайра кош көңүлдүгүн көрсөткөндүгүнө байланыштуу аюулар үңкүрлөрүнөн чыгып кеткен. Күндүз аюулар чыгып кетсе чоң коркунуч жаратат, адамдарды дагы жарадар кылып коюшу мүмкүн”, - деди директордун орун басары.

Өлгөн жаныбар сейрек кездешчү ак тырмактуу аюулардын катарына кирчү. Ал зоопаркка Тажикстандын Бадахшан аймагынан алынып келген. Жети жашар африкалык арстанды болсо Өзбекстандын Ташкент шаарындагы зоопарктан башка жаныбарга алмаштырып келишкен.

Бирок жумуштан алынган Саиджамол Орзуев арстандын жана аюунун өлүмүнө күнөөлүү эмес экенин, бул жагымсыз окуя аны иштен кетирүүгө шылтоо болгонун айтат.

“Арстан өлөрдөн бир күн мурда буканын моюн этинен тамак жеген. Бул азыкта оорулар бар-жогу текшерилген эмес. Тамактангандан кийин арстан өлүп калды. Ал бузулуп калган эттен жан берди деп ойлойм. Аюу болсо таманын бир аз жарадар кылып алды. Эч ким келип, аны дарылап койгон жок. Аюулар эшиктер сынык болгону үчүн сыртка чыгып кеткен. Мында дагы менин күнөөм жок. Болгону мага кыянаттык кылышууда", -деди ал.

Дүйшөмбүдөгү зоопарк 5 гектар аянтты ээлейт. Бул жерде 40тан ашуун жырткыч жана 50дөн ашуун канаттуунун түрү жашайт.

Скандал в душанбинском зоопарке
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

XS
SM
MD
LG