Ссылки доступа

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти


Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган “Юнона” космостук кемеси планетанын орбитасына жетти. Бул туурасында Американын космикалык агенттиги (НАСА) кабарлады.

Аппарат 35 мүнөттүк маневрду ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Учуу маалында ал ылдамдыгын азайтып, натыйжада Юпитердин гравитациялык күчүнүн таасири алдында калган. Планета аралык станциянын миссиясы жарым жылга чейин созулуп, андан соң өзүн-өзү жок кылат.

Беш жыл мурун учурулган АКШнын космостук кемеси 4-июлда кечинде Юпитердин орбитасына кирери кабарланган. "Юнона" 20 айдын ичинде Юпитердин орбитасында 37 жолу айланып, Күн системасынын түзүлүшүн изилдөөгө алат. Юпитер - Күн системасындагы биринчи планета жана ал жарала баштагандагы газ жана башка материалдар ушул кезге чейин сакталган деп эсептелүүдө.

"Юнона" ошондой эле эң чоң планетанын гравитация жана магниттик талааларын изилдейт. 1,1 млрд. доллар турган "Юнона" жерден Юпитерге жетүү үчүн 2,8 млрд. чакырым аралыкты учуп өттү. Ал Юпитер булуттарына 5 миң чакырым жакындан учуп өтөт. Юпитерден Жерге радиосигнал келүү үчүн 50 минута талап кылынат.

XS
SM
MD
LG