АКШнын Каржы министрлигинин Office of Foreign Assets Control бөлүмү июндун аягында атайын лицензия берди.
Басылма жазгандай, 2015-жылы эл аралык конференция өтүп жатканда ЖЭМ ректору Ярослав Кузьминов санкциялар "билим берүүдөгү глобалдык коомдук жыргалчылык деген идеяны жокко чыгарып салууда” деп билдирген. АКШнын академиялык коомчулугу бул позицияны колдоого алган. Кийинчерээк орусиялык глобалдык университеттер ассоциациясы Coursera негиздөөчүсү Дафна Коллерге расмий түрдө кайрылып, платформаны Крым жашоочулары үчүн кайра ачууну өтүнгөн.
Coursera билим берүү платформасы Крым тургундары үчүн 2015-жылдын 1-февралынан тарта жабык болуп турган. Буга Крымдын аннекцияланышы менен Украинанын чыгышындагы жаңжалга карата Орусияга каршы киргизилген санкциялар себеп болгон.