Ссылки доступа

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды


Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын изилдөөгө тыюу салынды. Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөргө Орусия президенти Владимир Путин кол койду.

Чектөөгө чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана алар көзөмөлдөгөн компаниялар, чет элдик юридикалык жактар жана чет өлкөлүк капиталы 20 пайыздан ашкан орусиялык юридикалык жактар туш болду.

Мыйзамга ылайык, орусиялык телеканалдардын аудиториясын изилдеген уюмдар Роскомнадзордон бир жылга бериле турган аккредитация алууга милдеттүү болот.

Буга чейин либерал-демократтар партиясынын депутаты Андрей Луговой киргизген мыйзам долбоорун орусиялык телеканалдар колдоого алган. Бирок алар жарнак берүүчүлөрдүн каражатынан куру калбоо үчүн жаңы эрежелерди 2018-жылга чейин киргизбей турууну өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG