Ссылки доступа

Тажик аял Түркияда сойкукана уюштурган деп айыпталууда


Тажикстандын Башкы прокуратурасы 41 жаштагы аялга карата Түркияда сойкукана уюштурган деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын ага тергөөчүсү маалымдагандай, Хадижа Азиззода аттуу айымга “адам сатуу” беренеси менен иш козголду. Ал бир нече убакыт мурун Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, Тажикстанга жеткирилген.

Аял тажик кыздарына Түркиядан жумуш таап берүүгө убада кылып, бирок ал жактан сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган.

Тергөөчү маалымдагандай, кылмыштуу түйүндүн кылтагына илинген Гиссар жана Хорог шаарларында жашаган эки аял Азиззодага каршы көрсөтмө беришкен. Сойкукананын кардарлары негизинен ооган жана иран качкындары, андан тышкары Түркия атуулдары болгон.

Азыр бул аял Дүйшөнбүнүн убактылуу кармоочу жайында отурат. Түркияга алданып барган эки жаш тажик кыз мекенине кайтарылды.

XS
SM
MD
LG