Ссылки доступа

Өзбекстан Казакстан менен чек арасында ветеринардык көзөмөлдү күчөттү


Күйдүргү учурлары пайда болгонуна байланыштуу Өзбекстан Казакстан менен болгон чек арасында ветеринардык көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу РИА Новостиге Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санэпидем көзөмөл өкүлү билдирди.

Июндун аягында Казакстандын Караганда облусунда күйдүргү жукту делген тогуз киши инфекциялык ооруканага түшүп калган, алардын экөө каза тапты. Өлкөнүн Улуттук экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, күйдүргү (сибирь жарасы) дарты Эркиндик айылынын сегиз жашоочусунда аныкталганы тастыкталган. Кийинчерээк Өзбекстан менен чектешкен Түштүк-Казакстан облусунда дагы күйдүргү жуккан учурлар пайда болгону кабарланды.

“Өзбекстанда бүгүнкү күндө сибирь жарасы жуккан учурлар каттала элек. Биз абалды көзөмөлдөп турабыз. Казакстан менен чек арадагы бажы өткөрмө жайларында күн сайын эпидемиологдор иштеп жатат”, - деди санэпидем көзөмөл мекемесинин өкүлү.

Анын айтымында, чек арадан продукциялар кылдаттык менен текшерилип өткөрүлүүдө, малга керектүү эмдөө жасалып, калк ичинде вакцинация жүргүзүлүүдө.

Өзбекстандын Айыл жана суу чарба министрлигинин ветеринария башкармалыгынын маалыматы боюнча жайкы мезгилде күндүн ысыктыгынан улам инфекциялык оорулардын таркап кетүү коркунучу күчөйт. Буга байланыштуу илдеттерди аныктоочу заманбап каражаттары бар башкармалыктын аймактык бөлүмдөрү алдын алуу иштерин күчөттү.

XS
SM
MD
LG