Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, бул жасалма паспорттор Кыргызстандан тышкары аймакта жасалган болушу мүмкүн.
- Жеке эле бизде эмес, жалпы дүйнө жүзүндө жасалма паспорт көйгөйү бар. Ошондуктан, биз жарандарыбыздын биометрикалык маалыматтарын да камтыган жаңы паспорт киргизели деп атабыз. Андай паспорт киргизилсе, жасалма паспорт маселеси чечилет, - дейт Тайырбек Сарпашев.
3-июлда Стамбулдагы Ата-Түрк аэропортунда Украинадан учуп келген эки жарандын жанынан Кыргызстандын паспорттору табылган. Биринин жанынан Кыргызстандын үч ID карты жана туулгандыгы тууралуу беш күбөлүк табылган.
17-майда болсо Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан Жиддага учуп жаткан маалда кыргызстандык паспорт менен 98 кытайлык уйгур кармалган болчу.