Ссылки доступа

Эрдоган: Стамбул терактына шектелгендер арасында кыргызстандык бар


Түркия президенти Режеп Таип Эрдоган мурдагы советтик өлкөлөрдүн жарандары Стамбул аэропортундагы терактка катышы бар экендигин ырастады.

Стамбулдагы терактка шектелгендердин арасында Дагестандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бар экенин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган билдирди. Бул тууралуу түркиялык Анадолу агенттиги жазып чыкты.

“Акыркы кармоолорду кошкондо бул боюнча камакка алынгандар 30 адамга жетти. Бул кармоолор көп маалыматтарды ачыкка чыгарышы мүмкүн. Кармалгандар арасында Дагестан, Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары бар", - деди Эрдоган Стамбулдагы сапары учурунда.

Шектүүлөрдүн 11и чет өлкөлүк экени кабарланууда.

Ал ошондой эле тергөө мурдагыдай эле терактты “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жасады деп эсептерин кошумчалаган.

Мурдараак расмийлер Раким Булгаров жана Вадим Османов аттуу Орусия жарандары аэропорттогу жардырууну жасашкан деп билдирген. Үчүнчү жанкечтинин тек-жайын жана жарандыгын аныктоо иши жүрүп жатканын айтышкан.

28-июнда Стамбулдагы жардырууда набыт болгондордун саны 45 кишиге жетти. 230дан ашууну жараат алган. Жарадарлардын жыйырма чактысы оор абалда.

XS
SM
MD
LG