Ссылки доступа

Казакстан Борбор шаар күнүн белгилөөдө


Мындан 18 жыл мурун президент Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен шаардын борбору Алматыдан Астанага көчүрүлгөн болчу. Ага чейин калаа Акмоло деп аталган.

Шаар күнү башта 10-июнда белгиленчү, 2006-жылдан бери салтанат 6-июлга жылдырылды. 2008-жылдан тарта бул майрам мамлекеттик мааниге ээ болгондуктан, өлкө боюнча иш күн эмес. Калаа күнү Казакстан президенти Нурсултан Назарбавдин туулган күнүнө туш келет. Өлкө лидери бул жылы 76 жаш курагын белгилөөдө.

Астана күнүнүн алдында шаар бийлиги бир миллионунчу наристенин төрөлгөнүн шардана кылды. Айрымдары бул маалыматка ынанган жок. Себеби жыл башында калаадагы калктын саны 871 миң адамды гана түзгөн. Астана акимчилиги акыркы жарым жыл ичинде элдин катары 128 кишиге көбөйгөнүн жар салды. Бийлик калктын санынын өсүшүн каражатты жана мүлктү легалдаштыруу жараяны менен түшүндүрдү. Көптөгөн компаниялар бул иш-чаранын алкагында “эсепке алынбаган” кызматкерлерин каттоодон өткөрүп баштаган.

XS
SM
MD
LG