Ссылки доступа

Өзбекстанда чочко баккан аялды үйүнөн кубалап жатышат


Жизак облусунун Маданият айлынын тургуну Виолетта Куразова үйүндө чочко баккандыгы үчүн көчүрүлгөнү жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы билдирет.

Аялдын айтымында, кыштактын активисттери жана милиция кызматкерлери ага басым көрсөтүп, көчүп кетүүнү талап кылган.

«Жайыбызга койбой жатат. Мен үй-бүлөм үчүн кошумча кирише табуу максатында чочко кармайм. Атам башка айылда жашайт, жакында бул үйгө келиши керек. Азырынча биз үйдүн короосунда чочкокана салып жатабыз. Бала кезимден тарта эле багып келгенбиз. Ушуну менен жашайбыз. Өзбекстан мыйзамдарында чочко багууга тыюу салган мыйзам жок да. Мен бул өлкөнүн жаранымын»,-деп даттанат Виоллета Куразова.

Айыл тургундары ага таш ыргытып, урушуп баштаганга чейин барышууда.

Бул окуя тууралуу алгачкы макала “Азаттыктын” өзбек кызматынын сайтында 2013-жылы чыккан. Анда жаш келин балдары менен биргеликте президенттин Ташкенттеги резиденциясынын жанындагы Мустакиллик борборунда 11 пикет уюштурган. Ал тартып алынган үйүн кайра кайтарууну талап кылган болчу.

Натыйжада, ага үйдүн ордуна жер тилкесин берип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн каттоосун калыбына келтиришкен.

XS
SM
MD
LG