Ссылки доступа

Тажикстан Евразиялык биримдикке кошулууга ашыккан жок


Орусиянын Мамдума өкүлү Тажикстан жакынкы арада Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүү боюнча кайрылат деп билдирди. Бирок тажик бийликтери бул уюмга кирүүгө ашыкпаганын, алгач биримдиктин жаңы мүчөлөрү – Армения менен Кыргызстандын тажрыйбасын изилдеп көргүсү келгенин айтууда.

Мамдуманын экономикалык шериктештик жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Леонид Слуцкийдин айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстан ЕАЭБге кирүү үчүн абдан аракет көрүп жатат. Слуцкий учурда тажик экономикасы биримдикке толук аралашууга даяр эместигин, бирок кошулган соң, өзгөчө эмгек миграциясына байланышкан маселелер жеңилдегенден кийин өсүш болорун айтты.

Тажикстандын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Сайфулло Сафаров “Азаттыктын” тажик кызматына билдиргендей, учурда Тажикстан ЕАЭБге кошулууга ашыккан жок. Анын айтымында, эгер Орусия Тажикстан ЕАЭБге киргенде алгачкы жылдардагы зыянды төлөп берсе, эч кандай маселе болбойт. Себеби казынадагы бажы төлөмдөрүнөн түшүп турган каражаттын ордун толуктоо керек. Уюмга кирсе, ал төлөмдөр түшпөй калат.

Быйылкы жылдын бюджетинде бажы төлөмдөрүнөн түшчү каражат 684 млн 670 миң сомони көлөмүндө бекитилген. Серепчилердин пикиринде, Тажикстан биримдикке кирсе, бул сумманын чоң бөлүгү казынага түшпөй калат. Экинчи жагынан алганда, кубаты анча чоң эмес тажик компанияларынын ордун ири орусиялык компаниялар ээлеп алат. Учурда Казакстанда жана Кыргызстанда ушундай абал байкалууда.

Мындан үч жыл мурун Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин алдында кызыкдар болгон мамлекеттик мекемелердин эсебинен жумушчу комиссия түзүлгөн. Ал Тажикстан ЕАЭБге киргендеги артыкчылыктарды жана кемчиликтерди изилдеп чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG