Ссылки доступа

Монакодогу кече үчүн орус футболчулары айыпка жыгылды (видео)


Футбол боюнча Орусия курама командасы Европа чемпиондугунан чыгып кеткенден кийин клубда чыгашалуу кече уюштурганы үчүн эки оюнчу айыпка жыгылды.

Интернетте жарыяланган видеотасмада чабуулчу Александр Кокорин менен жарым коргоочу Павел Мамаев Монакодогу түнкү клубда жүргөнүн көрүүгө болот. Орусиянын гимни ойноп, официанттар ондогон шампан бөтөлкөсүн алып келип жатканы тартылган.

Кураманын күйөрмандары чемпионатта ийгиликке жетпеген команда мындай кече уюштурганы жөнсүз деген пикирлерин калтырышты. Кокорин ойногон Санкт-Петербургдагы “Зенит” клубу жана Мамаевдин “Краснодар” клубу спортчуларга айып салып, жаштардын командаларына кошуп коё турганын билдиришти.

ТАССка берген маегинде Кокорин шампан албаганын билдирген. Футболчунун айтымында, ал Мамаев менен кечки тамакка барган, ошол күнү клубда башкалар бирөөнүн туулган күнүн белгилеп жатышкан. “Бул кечеге биздин эч кандай тиешебиз жок”, - деди Кокорин. “Маалымат каражаттары айтып жаткан акчага шампан эмес, клубдун өзүн сатып алса болот эле”, - деп кошумчалады ал. Life.ru жазгандай, кечеде 250 миң евро сарпталган.

XS
SM
MD
LG