Ссылки доступа

Домодедоводогу теракт боюнча айыпталгандар бошотулду


2011-жылдагы теракт боюнча айыпталып жаткан Домодедово аба майданынын башкаруучу компаниясынын мурунку башчысы Светлана Тришина эч жакка кетпөө өкүмү менен үй камагынан бошотулду. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Буга чейин Домодедовонун ээси Дмитрий Каменщик жана аэропорттун мурунку эки топ жетекчиси Вячеслав Некрасов менен Андрей Данилов бошотулган.

Төртөө тең 2011-жылдын 24-январындагы терактка байланыштуу коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөткөн деген айып менен үй камагына алынган. Ал күнү Домодедовонун залында жанкечти өзүн жардырып, 37 адам мерт кеткен. Дагы 170тен ашуун киши жарадар болгон. Тергөө теракттын орун алышына аба майдандын текшерүү системасынын алмашканы шарт түзгөн деп эсептейт.

Июнда теракттагы жабырлануучулар Домодедовонун жетекчилигине карата жазган доо арыздарын кайтарып алышкан. Алар аэропорттун кайрымдуулук фондунан кенемте алышты.

Видео

XS
SM
MD
LG