Ссылки доступа

Chevron Тенгиз кенинде инвестиция көлөмүн арттырат


Chevron компаниясы Казакстандын Тенгиз кенинде инвестициянын көлөмүн көбөйтөрүн жарыялады. Расмий билдирүүдө айтылгандай, долбоордун кеңейиши менен чийки мунайдын өндүрүшү 260 миң баррелге өсүп, бир күндө миллион баррелге жетмекчи. Кен казуу 2022-жылы башталат.

Chevron компаниясынын 50 пайыз акциялары «Тенгизшевройлго» таандык. Ал долбоор иштеп чыгуу менен алектенет. Компаниянын өнөктөштөрү Exxon, «КазмунайГаз» жана «Лукойл» болуп эсептелет.

Казакстан энергетика министри Канат Бозумбаевдин пикиринде, долбоорду кеңейтүү үчүн каражаттын бир бөлүгү «Тенгизшевройлдун» өздүк ресурстарынан бөлүнөт.

Тенгизге жаңы инвестицияларды салуу идеасы бул сындуу долбоорлорго карата дүйнө жүзүндө чыгашалардын азайып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт. Мунайга болгон баанын төмөндөшү менен инвестициялар триллион долларга кыскарган.

Видео

XS
SM
MD
LG