Милициянын маалыматына караганда, Дмитрий жана Ирина Реброваларды айланма жолдо өздөрүн тартип сакчы деп тааныштырган адамдар тоноп кеткен. Окуя 4-июлда Ребровдордун үй-бүлөсү Ысык-Көлгө баратканда болгон. Алар майып баласын дарылоо үчүн сапарга чыгышкан.
Изделип жаткан кылмышкерлердин унаасынын номуру былтыр уурдалганы аныкталды.
Туристтердин тонолушу боюнча Чүй облусунун ИИББинин тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Тергөө тобу Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында ыкчам издөө жана кармоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.