Статистика агенттиги билдиргендей, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында Тажикстандан 28 миллион долларга унаа экспорттолду. Бир жыл мурун экспорт 3 миллион долларды түзгөн. Ошол эле учурда автоунааларды импорттоо 5 пайызга төмөндөп кетти.
Тажик бизнесмендеринин айтымында, унаалар көбүнесе Казакстан, Кыргызстан, Ооганстан, кээде Дубайга арзандатылган баада экспорттолууда. Каржы каатчылыгы жана сатып алуучулардын азайганы тажик ишкерлерин коңшу өлкөлөрдүн базарына кирүүгө түрттү.
Ал арада сатылып жаткан унаалардын көбү Дүйшөмбүнүн эң ири автобазарында өз ээлерин айлап күтүп турат. Сатуучулар билдиргендей, базарда соода накталай акча менен дээрлик жүргөн жок. Унаа базардын директорунун орун басары Бобожон Чупоновдун эсебинде бир жыл мурун базарда жума сайын үч миңдей машина сатыкка чыгарылчу, азыр болсо 30 пайызга азайып калды.
Тажикстанда көбүнесе Балтика жана Европа өлкөлөрүнүн келген унааларды сатышат. Алардын баасы абалына, жүргөн аралыгына, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша болот.