Ссылки доступа

Тажикстанда миңдеген жаран төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылды


Экономикалык каатчылыктан улам жумуш берүүчүлөр кызматкерлерин аргасыздан төлөнбөгөн өргүүгө чыгаргандан кийин көптөгөн тажикстандыктар оор абалга туш болду. Бир күнү кайра жумушка чакырат деген үмүт менен алар кенемте талап кылбай турушат.

Тажикстандын Статистика агенттиги изилдегендей, быйыл үч айдын ичинде акысыз өргүүгө 5 миң 400 жаран чыгарылды. Тахмина Шодиева 7 ай мурун коммерциялык банктардын биринде иштечү, бирок администрация аны аргасыз эс алууга чыгарып, кенемтесин төлөп берген жок.

Банктын жетекчилиги абал жакшыргандан кийин жумушка кайра чакырабыз деп убада берген. Мындан улам ушундай эле абалга туш болгон кесиптештери менен ал компенсация төлөтүп алууга аракет кылган дагы жок. Тажикстандын Эмгек кодексине ылайык, кызматкерди аргасыздан өргүүгө чыгарууда жумуш берүүчү кызматкери башка жумуш тапкычакты же кайра мурунку ишине кайтканга чейин маянасын толугу менен же бир бөлүгүн төлөп турууга милдеттүү.

Юрист Лутфулло Салиховдун айтымында, мамлекеттик жана менчик ишканалардын көбү жумуштан кетирүүдө же төлөнбөгөн өргүүгө чыгарууда ички келишимдерди колдонушат. Алар көбүнесе кызматкердин кызыкчылыктарын коргобойт.

Ал арада Тажикстанда жумушсуздардын саны артууда. Статистика агенттигинин маалыматы боюнча расмий түрдө өлкөдө 55 миң ишсиз жаран катталган. Серепчилер болсо жумушсуздардын саны мындан алда канча көбүрөөк деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG