Мамлекеттик мүлк фондунан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, “Рохат” пансионаты – “Алтын жай”, “Дилором” – “Эне-Сай”, “Золотые пески” - “Бостери” деп аталды. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты ошол бойдон калды.
Быйыл 4-апрелде өкмөт Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом кабыл алган.