Ссылки доступа

Байконурдан Эл аралык космикалык станцияга экипажы менен ракета учурулду


Байконур космодромунан «Союз-ФГ» ракета-ташыгычы менен бирге «Союз МС» кемеси учурулду. Анын бортунда Эл аралык космикалык станциясынын жаңы экипажы бар.

Ракета Астана убактысы боюнча таңкы 7:36да асманга көтөрүлдү. Бул тууралуу орусиялык «Роскосмос» космикалык агенттигинин билдирүүсүндө айтылат. Кеме учкандан кийин тогуз мүнөт өткөн соң, ракета-ташыгычтан бөлүнүп чыккан. Мындан кийин Учууларды башкаруу борборунун адистеринин башкаруусуна өткөн.

Кеме экипаж мүчөлөрүн Эл аралык космикалык станцияга эки суткада жеткирет. Экипаждын курамында орусиялык космонавт Анатолий Иванишин, Жапон аэрокосмикалык иликтөөлөр агенттигинин астронавты (JAXA) Такуя Ониши жана NASA астронавты Кэтлин Рубинс бар.

Эл аралык космикалык станция менен кеме 9-июль күнү Астана убактысы боюнча саат 10:12де кездешет.

XS
SM
MD
LG