Ссылки доступа

Столтенберг: НАТО коркунучтарга ыкчам жана чечкиндүү жооп берүүдө


Түндүк атлантикалык альянстын башкатчысы Йенс Столтенберг   Польша президенти Анджей Дуда менен бирге  маалымат жыйынын өткөрдү. Ал жума күнү Варшавада баштала турган НАТО саммитинин өтө маанилүү экенин билдирди.

"Бул биздин коопсуздук үчүн чечүүчү учур. Дүйнө бир нече жыл мурдагыдан кооптуу болуп калды. НАТОго буга ыкчам жана чечкиндүүлүк менен жооп берүүдө. Эртең жана ишемби күнү биздин жамааттык коопсуздугубузду модернизациялоо боюнча маанилүү кадамдарды жасайбыз. Бул Польшада, Латвия, Литва, Эстонияда биздин аскерий турумубуз чыңдалышын да камтыйт",-деди Столтенберг

Европанын чыгышында Орусиянын Украинадагы аскерий аракеттеринен улам жаралган коопсуздук кырдаалы саммиттин күн тартибиндеги башкы маселелердин бири.

Эки тарап саммиттин артынан 13-июлда Брюсселде жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү да макулдашты.

Буга чейин НАТО – Орусия кеңешинин апрелдеги акыркы эки жылкы тыныгуудан кийинки алгачкы жыйыны “Украина жана башка бир катар маселелер боюнча терең пикир келишпестиктер” менен аяктаган.

НАТОнун эки жылда бир өтүүчү саммити Варшавада 8-июлда башталууда.

XS
SM
MD
LG