Ссылки доступа

Далластагы акцияда беш полиция кызматкери окко учту


Американын Даллас шаарында полиция кыйноолоруна каршы өткөн акция учурунда атышуудан беш полиция кызматкери набыт болуп, дагы жетөө жаракат алды. Бул тууралуу CNN кабарлайт. Телеканалдын маалыматы боюнча аларга карата эки көзгө атар ок чыгарып, издерин жашырып кетишкен.

Далластын укук коргоо органдары шектүүлөрдүн биринин сүрөтүн жарыялады. CNN кийинчерээк бул адам полиция бөлүмүнө өз эрки менен келгенин маалымдады.

Associated Press агенттиги каршылык көрсөткөн дагы бир шектүү колго түшкөнүн кабарлоодо.

Даллас жана АКШнын башка шаарларындагы каршылык акциялары июлдун башында полиция кызматкерлери эки афроамерикалыкты атып салгандан кийин башталган. Луизианалык Алтон Стерлинг менен Миннесота тургуну Филандо Кастайл кармоо учурунда набыт кеткен. Полиция бул аракеттеринин мыйзамдуу болгондугуна ынандыруу аракетинде.

Бир жыл мурун Фергюсон шаарында (Миссури штаты) полиция тарабынан өлтүрүлгөн 18-жаштагы кара терилүү Майкл Браундун өлүмүнө бир жыл толгондугуна байланыштуу акция өтүп, баш аламандык катталган. Анда шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.

XS
SM
MD
LG