Медиа-корпорациялар президенти Томас Кент Непескулиевге кылмыш ишин козгоо менен куугунтуктоо “кыжырды келтирүүчү жана антигумандуу” экенин билдирди. Анын пикиринде, бийлик коом тууралуу чындыкты жазган журналистке карата тымызын жана мыйзамсыз басым көрсөтүп, эркиндигин чектөөгө боло берет деп ойлойт.
Непескулиев бир жыл мурун жоголуп кеткен. Кийинчерээк маалым болгондой, ал 2015-жылдын 31-августунда соттун жабык отурумунда “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган. Азыр ал кайсы түрмөдө экени белгисиз. Жактоочуларды журналист менен жолуктурушпайт.
Укук коргоочулар Непескулиевге саясий өңүт менен кылмыш иши козголгон деп эсептешет.