Саматов буга чейин орус жарандыгынан баш тарткандыгы боюнча документтерди көрсөткөн. Аны Шүкүралиев күмөндүү деп атады. Анткени орусиялык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документ тастыкталган эмес.
Боршайкомдун отурумуна катышкан Жыргалбек Саматов бул маалыматты четке кагып, эч качан орус жарандыгын албаганын билдирди. Жарандык тууралуу документтерди Саматов жасалма деп атады. Экс-депутаттын сөзүнө ынанбаган БШК анын мандатын алып койду.
Жыргалбек Саматов биринчи жолу 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен келген. Анын кош жарандыгы тууралуу маселе ошондо эле көтөрүлгөн, бирок анда мандаттан ажыратылган эмес.
Саматов парламентке 2015-жылы “Республика Ата-Журт” партиясынан депутат болгон. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов ал өзүнө бөлүнгөн аймактан тиешелүү добуш албай калганы үчүн алдын ала шерттешүү убадасы боюнча мандатын тапшырууну талап кылган. Саматов андан баш тарткандыктан анын орус жарандыгы тууралуу маселеси кайра көтөрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин аны эки жолу мандаттан ажыраткан. Бирок соттор Саматовдун пайдасына чечим чыгарып келген.