Ссылки доступа

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө


Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине “Армениядагы лаваш” деген аталышта кирип жатканына каршылыгын билдирди. Бул тууралуу apa.az агенттиги жазды.

Бул мамлекеттердин өкүлдөрү ЮНЕСКОго “Жука нанды жасоонун маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка” деген аталыштагы биргелешкен документти өткөрүп беришти. Документте лаваш бул чөлкөмдө жашаган элдердин орток мурасы экени айтылат.

ЮНЕСКО бул маселени Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин 11-отурумуна чыгарып, бир чечим кабыл алат. Отурум 28-ноябрдан 2-декабрга чейин Эфиопиянын борбор калаасында өтөт.

Буга чейин Армения лавашты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине “армян лаваш наны” деген аталышта киргизип коюу сунушу менен чыккан эле. Түркия менен Азербайжан каршылыгын билдиргенден кийин Армения документтин аталышын “Армениядагы лаваш” деп өзгөрткөн.

XS
SM
MD
LG