Ссылки доступа

Португалия “Евро-2016ны” жеңип алды


Португалия Европа чемпионатынын финалында франциялыктарды жеңип, биринчиликтин чемпиону аталды. Оюндун негизги убакты 0:0 эсебинде аяктады. Кошумча таймда жалгыз голду 109-мүнөттө чабуулчу Эдер киргизди.

Португалия курама командасы өз тарыхында Европа чемпионатын биринчи ирет жеңе алды. Буга чейин команда үчүн эң чоң жетишкендик 2004-жылдагы Грекия менен болгон финал эсептелип келген.

Париждеги оюндун алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 92 миң киши баткан Эйфел мунарасы, Елисей талаалары жана Stade de France стадионунун күйөрмандар аянтчаларын беш миңден ашуун полиция кызматкери көзөмөлдөп турду.

XS
SM
MD
LG