Ссылки доступа

Кыргыз бийлиги: Меркелдин сапары менен Аскаровдун ишинде байланыш жок


Германия канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга сапары менен Азимжан Аскаровдун ишинин Жогорку Сотто каралышынын байланышы жок. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.

Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери быйыл 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган. Буга байланыштуу укук коргоочу менен анын жактоочулары Жогорку Сотко кайра арыз жолдоп, анын негизинде кечээ жараян жанданган.

Буга чейин "Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) деп аталган эл аралык уюм Германия канцлери Ангела Меркелге кайрылып, Азимжан Аскаровду абактан бошотуу үчүн кыргыз бийлигине таасир этүүнү өтүнгөн.

Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Германия канцлери өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Андан тышкары спикер Чыныбай Турсунбеков жана жарандык коом өкүлдөрү менен дагы пикир алмашары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG