Ссылки доступа

«Дүйшөмбү аквапаркынын» курулушу жанданды (видео)


«Дүйшөмбү аквапаркында» 12 жылдык тынымдан кийин кайрадан курулуш иши жанданды. Бүтпөгөн объектини италиялык «Престон барбиёри» компаниясы колго алды.

Долбоордун жалпы суммасы 83 миллион сомони турат. Анын ичинен 28 миллионун Тажикстан жана 55 миллионун италиялык тарап төлөйт.

Долбоорго ылайык, көнүл ачуу борбору чоңдорго жана балдарга арналган алты ири бассейнден турат. Ошондой эле аттракциондордун 34 түрү, үч кабат администрация имараты, ашкана, кийим алмаштыруучу жана оюн-зоок өткөрүүчү жайлары курулат. Аянты дээрлик 2 гектарды түзүп, Тажикстандагы эң ири аквапарктын бири болот.

Бул көнүл ачуучу борбордун курулушу 12 жыл мурун түркиялык «Эмек Иншоот» компаниясы тарабынан башталган. Бирок инвесторлор акча маселесиндеги пикир келишпестиктен улам, долбоорду аягына чыгарбай, Тажикстандан кетип калган.

Бийлик өкүлдөрү ырастагандай, аквапаркты салып бүтүрүү үчүн 200дөй курулушчу ишке тартылды. Аквапаркты 2017-жылдын февраль айына чейин куруп, ал эми март айынан тарта ишке берүү мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG