Ссылки доступа

Аскаровдун өкүмү жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлдү


Азимжан Аскаровдун иши кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечим бүгүн Жогорку Сотто жарыяланды. Ишти кароо Чүй облустук сотуна берилди.

Ошентип, Аскаровдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун аны бошотуу тууралуу өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылды.

Жогорку Сот чечимин жарыялагандан кийин ушу тапта жабыркаган тарап нааразылыгын билдирип жатат.

Июнь окуясы үчүн айыптуу деп өмүрүнүн акырына чейин кесилген жалалабаддык укук коргочу Азимжан Аскаровдун иши жаңы жагдайларга байланыштуу БУУнун комитетинин сунушунун негизинде Жогорку Сотто кечээтен бери кайра каралып жаткан.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары буга чейин бир нече жолу Аскаровго карата өкүмдү жокко чыгарууга чакырып келген.

XS
SM
MD
LG