Ссылки доступа

Өзбекстанда укук коргоочулар камактагылар менен жолугушууга уруксат алышты


Өзбекстан бийлиги «Эзгулик» укук коргоо коомуна түрмөдө жаткан жаткан он укук коргоочу жана журналистке келип, абалы менен таанышып кетүүгө уруксат берди. Бирок коомдун активисттери саясий туткундарга баруу үчүн материалдык шарты туура келбегенин айтышууда.

11-июнда Парижде жайгашкан «Алоолонгон жүрөктөр клубу» укук коргоо уюму өз сайтында «Саясий тутукундар менен жолугушууга өз жардамыңарды аябагыла!» деген аталыштагы кайрылуу жарыялады. Ал Өзбекстандын жарандарына жана четте жашаган өзбектерге багышталган. Кайрылууда Өзбекстандын турмөлөрүндө камакта отурган укук коргоочулар жана журналисттерге барып келүү үчүн «Эзгулик» коомуна акча чогултуп берүүгө жардамдашуу өтүнүчү айтылат.

Сайттагы кайрылууда жазылгандай, Ташкентте 23-24-июнда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында «Эзгулик» өкмөткө кайрылып, «саясий туткундарды бошотуп, мыйзам чегинде алар менен жолугууга уруксат берүүгө жана алардын абалы боюнча маалымат алууга жол ачууга» чакырган. ШКУ саммити өткөндөн кийин ИИМдин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы «Эзгуликке» расмий жооп берип, коомдун активисттери камактагы укук коргоочулар менен журналисттерге келип кетсе болот деп билдирген.

«Бул адамдар көп жылдан бери Өзбекстандын ар кайсы облустарындагы абактарда камалып отурат. Кээ бирлеринин камак мөөнөтүн ар кыл шылтоо менен узартып коюшкан. Айрымдарынын тагдыры бизге азыркыга чейин белгисиз. «Эзгулик» укук коргоо коомунун өкүлдөрү 10 саясий туткунга барууга уруксат алганын угуп, абдан кубанышты. Бирок алардын кубанычы көпкө созулган жок. Анткени укук коргоочулар абактарга барып келүү үчүн каражат табуу мынчалык оор экенин элестеткен жок эле», - деп айтылат кайрылууда.

Билдирүүдө Өзбекстандын түрмөлөрүндөгү туткундарга быйылкы жылдын 25-июлуна чейин гана барып келүүгө уруксат берилгени белгиленген. 15 күндөн кийин убакыт бүтөт. Укук коргоочулар 16-17-июлда жолго чыгышы керек болот. Антпесе, алар абактактарды бардык 10 саясий туткун менен жолугушууга үлгүрбөй калат.

XS
SM
MD
LG