Түркиянын мамлекеттик Anadolu маалымат агенттигинин билдиришинче, алар «куралдуу террордук топко жана өлтүрүүгө тиешеси бар» деп айыпталууда.
Dogan жаңылыктар агенттиги болсо кармалгандардын баары чет өлкөлүктөр экенин, алар 10-июлда кечинде камакка алынганын билдирүүдө.
28-июнда Стамбулдагы Ататүрк атындагы аэропортко жасалган чабуулда кеминде 45 адам мерт кетип, 240тан ашуун киши жаракат алган. Бир дагы топ бул кол салуу үчүн жоопкерчилик алган жок. Түркия бийлиги терактты «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу жасады деп божомолдогон.
Түрк маалымат каражаттары өкмөттөгү булактарына таянып, чабуулду жасагандар Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары деп кабарлаган.