Ссылки доступа

Онтарио соту Кыргызстанга каршы төрт доо арызды канааттандырган жок


Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту төрт компаниянын Кыргызстандын өкмөтүнө каршы берилген доо арыздарын канааттандырган жок. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 28-29-майында Онтарионун Жогорку Сотунда түркиялык Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi жана Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компанияларынын, канадалык Stans Energy Corp. компаниясынын жана Латвия жараны Валерий Белокондун арыздарынын негизинде соттук угуулар өттү. Арызда Centerra Gold Inc. компаниясында үлүшү бар “Кыргызалтын” ААКтын акцияларынан Кыргызстан пайда алып турат (бенефициар) деп таанууну, республикага каршы кабыл алынган арбитраждык чечимдерди аткаруу үчүн акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

2016-жылдын 11-июлунда Онтарионун Жогорку соту тараптардын пикирлерин карап чыгып, бардык доо арыздарды канааттандырбоо чечимин кабыл алды. Канаданын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, тараптар соттун өкүмүнө макул болбосо, кайра кайрылса болот.

2011-жылдын апрелинде Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi компаниясы Канада сотуна кайрылып, “Ак кеме” мейманкасына байланыштуу иш боюнча арбитраждык чечимди аткаруу үчүн “Кыргызалтын” ААКтын Centerra Gold Inc. компаниясындагы акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

2014-жылдын октябрында жана 2015-жылдын февралында жана октябрында Онтарио сотуна ушундай эле дооматы менен Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компаниясы, канадалык Stans Energy Corp. компаниясы жана Латвия жараны Валерий Белоконь кайрылган. “Кыргызалтын” ААКтын кызыкчылыктарын сотто Baker&McKenzieLLP юридикалык компаниясы коргоодо.

XS
SM
MD
LG