Ссылки доступа

Орусия 20дан ашуун крымдыкты “террорист жана экстремисттердин” тизмесине киргизди


Крымдын 22 жашоочусун орус бийлиги “террористтердин жана экстремисттердин” тизмесине киргизип салды. 12-июлда Орусиянын Каржылык мониторинг кызматы (Росфинмониторинг) жарыялаган тизмеде журналисттер, жарандык активисттер жана саясий туткундар бар. Алар Москва Крымды басып алганын сындашкан.

Бул тизмеге киргизилгендердин арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун карамагындагы Крым тууралуу жаңылыктарды берген сайттын авторлорунун бири Николай Семена бар. Ал маалымат каражатын колдонуп, жикчилдикке үндөгөн деп айыпталууда. Тизмеде блогер Юрий Ильченко дагы бар, ал жакында эле Крымдын аннексияланганын сындаган макала жазганы үчүн камакка алынган.

Тизмеге Орусияда кармалып турган бир нече украиналык жаран киргизилген, анын ичинде Олег Сенцов, Александр Кольченко жана жакында эле бошотулган Геннадий Афанасьев бар.

Росфинмониторинг Владимир Путиндин буйругу менен түзүлгөн жана түзмө-түз президентке баш ийет.

АКШ, Европа Биримдиги, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, эл аралык укук коргоо уюмдары жана жалпыга маалымдоо каражаттары Орусия басып алган аймакта көз карандысыз журналисттер жана активисттер куугунтукка алынып жатканы боюнча бушайман болуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG